Жумгалда 12 жаштагы кыз бет кап тигип, элге бекер таратып жатат (видео)

Бишкек, 25.03.2020. Sokol.mediа  

Жумгал районунун Чаек айылындагы 12 жаштагы Айпери Жумакадырова үй-бүлөсү менен бет кап тигип, дарыгерлер менен муктаждарга бекер таратып жатат. Бул тууралуу turmush.kg басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, ал учурда 5-класстын окуучусу. 2-классынан тартып саймачылыкты өркүндөтүп келет.

Чоң апасы Алтын Түлөбаеванын айтымында, бүгүнкү күндө райондук аймактык ооруканага 500 даана бет кап тигип беришкен. Учурда райондук социалдык өнүгүү башкармалыгына дагы 1000 даана бет кап даярдап жатышат. Алар аз камсыз үй-бүлөлөр менен муктаждарга таратылып берилет.

«Неберем сайма сайып келет. Жакында эле “апа бет кап тигип тараталы” деп калды. Анын сунушун колдоп, материал сатып бердим. Материалдын 1 метри 70 сомдон экен. Алгач оорукананын дарыгерлерине 500 даана берди. Кийин материал 110-120 сом болуп кетиптир. Акчасына карабай алып, азыр 1000 даана бет кап даярдап жатабыз», — деди Түлөбаева.

Ал эми Айпери кыргызстандыктар бул илдетти ынтымак менен жеңерин айтат.
Булак: turmush.kg

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *