Өзгөчө абал учурунда жарандарга, авто унааларга төмөндөгүдөй тартиптер каралган

Бишкек, 25.03.2020. Sokol.mediа  

Күндүзү саат 7:00дөн 20:00гө чейин жарандар төмөндөгү үч себеп боюнча гана көчөгө чыга алат
✔️ Дүкөндөн азык-түлүк сатып алууга;
✔️ Дарыканадан дары-дармек сатып алууга;
✔️ Дарыгерге, дарылоо процедураларына баруу.
Өзгөчө абал режими мезгилинде ишке тартылган кызматкерлер үчүн гана чектөө жайылбайт. Бул тууралуу Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Ошондой эле Биринчи вице-премьер-министр К.Бороновдун айтысуусу боюнча «Эгер күндүзгү убакта жаранды патрулдук милиция кызматкери токтотсо, ал өзүнүн ким экендигин күбөлөндүрүүчү документин жана маршруттук баракчаны көрсөтүшү керек.
Ал эми адам дарек боюнча эмес жүргөн учурда, ал жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн». 

Ал эми Өзгөчө абал режими киргизилген аймактарда коомдук унаалар жана таксилер толугу менен токтотулат.
🚚 Ал эми транзиттик жүктөр боюнча шаар ичин аралап өтчү бардык ички жолдор жабылат. Жүк ташуучу унааларга айланып өтчү жолдордор аркылуу гана жүрүүгө уруксат берилет

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *