Казань шаарында бийлик өкүлдөрү иш унааларын даарыгерлерге беришкен

Бишкек, 25.03.2020. Sokol.mediа Бегимай Керимова
Казань шаарында бийлик өкүлдөрү иш унааларын даарыгерлерге беришти. Бул тууралуу орус басылмалары жазды.
Маалыматка караганда, Казань шаарынын даарыгерлери шаардык аткаруу комитетинен 15 авто унаа алышкан.Бул чечимди Казань шаарынын мэри Ильсур Метшин кабыл алган.
Учурда шаарда1,3 миң жашоочу даарыгерлердин көзөмөлүндө.
Бийлик өкүлдөрү бөлүнгөн унаалар даарыгерлердин иштөөсүнө бир кыйла жеңилдетээрин айтышкан.