«Өзгөчө абал киргизилгенине байланыштуу 2019-жылы жазында аскерге чакырылган жоокерлерди үйлөрүнө жөнөтүү жана өспүрүмдөрдү армияга чакыруу иштери убактылуу токтотулду», — деди министр.
Бирок Коргоо министрлигинин сайтында өлкөдө аскерге чакыруу өнөктүгү уланып жаткандыгы тууралуу маалымат жарыяланып турат.
«Президент 2020-жылы 12-февралда кол койгон жарлыкка ылайык, өлкөдө аскерге чакыруу өнөктүгү жүрүүдө», — деп жазылган мекеменин сайтында.
Ошол эле маалда мекеме коронавирустан улам Куралдуу күчтөрдө кызмат өтөп бүткөн жоокерлерди үйлөрүнө жөнөтүү мөөнөтү кийинкиге жылдырылганын билдирди.
Казакстанда жазгы аскерге чакыруу өнөктүгү 6-мартта башталган. Министрлик анын алкагында бүгүнкү күнгө чейин канча өспүрүм армияга чакырылганы боюнча маалымат бере элек.