25-мартта саат 09:00гө карата Кыргызстанда коронавирус жуктургандар каттала элек

Бишкек, 25.03.2020. Sokol.mediа Бегимай Керимова
2020-жылдын 25-марты саат 09:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруунун жаӊы учурлары катталган жок. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка таянсак, бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 42 учуру аныкталган, алардын ичинен:
Ош облусунда – 20 учур,
Жалал-Абад облусунда – 19 учур,
Бишкек ш. – 2 учур,
Баткен облусунда – 1 учур.
Ошондой эле, коронавирусуна чалдыккан бардык бейтаптардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. Бир адам реанимацияда жатат, 1949-ж.т. эркек Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында.
Обсервация жайларында 585 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. 2014 киши үй карантинине чыгарылды. Алардын баары карантиндин шарттарын так сактоого милдеттүү.