Маалымат боюнча, өлкө ичинде республикалык штабдын макулдугу менен атайын авиа каттамдар гана уча алышат. Ички каттамдар Бишкектен Ош, Баткен жана Жалал-Абад шаарларына жана кайра аталган шаарлардан жүргүзүлчү.
25-марттан тартып Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 24-мартта кол коюп, аны парламент толук колдоду.
Өзгөчө абал 25-мартта саат 8:00дөн тартып 15-апрель саат 8:00гө чейинки мезгил аралыгына киргизилди. Аталган шаарлар менен райондордун аймактарында комендатура түзүлдү.
24-мартта коронавирус дагы 26 кишиден табылып, бул илдетке чалдыккандардын саны 42ге жетти. 26 бейтаптын тогузу Сузак районунда, экөө Ала-Букада, бирөө Ош шаарында, сегизи Кара-Сууда жана алтоо Ноокатта. Алардын ичинен 14ү Сауд Аравиясынан кичи ажалыктан келишкен, калгандары алар менен байланышта болгон.