Өзгөчө абал жарыяланган аймактарга аскерлер киргизилет

Бишкек, 24.03.2020. Sokol.mediа  

Кыргызстанда өзгөчө абал жарыяланган аймактарга куралдуу күчтөрдүн аскер кызматкерлери киргизилет. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Райымберди Дүйшембиев 24-мартта билдирди. Анын айтымында, аскер кызматкерлеринин саны жана тийиштүү каражаттары жетиштүү:

«Өзгөчө абалда сөзсүз тиешелүү чечимдердин негизинде куралдуу күчтөрдүн бөлүкчөлөрү киргизилет. Саны боюнча ошол жердеги коюлган тапшырманы, режимди сактоого жетиштүү».

24-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндөгү жарлыктарга кол койду.

Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 26 адам катталды, ошону менен жалпысынан 24-мартка карата бул илдетке чалдыккандардын саны өлкөдө 42ге жетти.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *