Министрликтин кызматкерлерин тиешелүү кийимдери жок үчүн киргизбей койгон даарыгер жумуштан кетти

Бишкек, 24.03.2020. Sokol.mediа  

Кечээ, даарыгер Бахтияр Абсаматовду Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлерин тиешелүү кийим менен келбегендиктен Бишкектеги №1 мектеп-интернатындагы обсервацияга киргизбей койгондугу үчүн жумуштан кетиришкен. Бул тууралуу 24.kg. жазды.

 Маалыматка караганда, ал интернатта Москва-Бишкек транзиттик каттамынан келген адамдар обсервацияга алынган. Кызматкерлер жөнөкөй халат менен келишкендиктен коронавируска карата министрлик өзү иштеп чыккан талаптарын даарыгер айтып, аларды киргизбей койгон.

Бул тууралуу азырынча штаб  эч нерсе айта элек.

Эске салсак, Кыргызстанда 16 адам коронавирус илдетине чалдыкты.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *