“Колдо бар алтындын баркы жок” же тартипти катуу сактаган даарыгердин жумуштан алынышы туурабы?

Бишкек, 24.03.2020. Sokol.mediа  

 Дүйнөнү каптаган коронавирустун кесепетинен миңгеден адамдарга оору жугуп, арасында каза тапкандар да болбой койгон жок.

Деги эле ар бир ооруну айыктыра турган даарыгер эмеспи. Мына ушундай мыкты даарыгерлерге учурда дүйнө жүзү суусап турган кези.

Дегеним, оорулууну айыктырам деп аракет кылып  жатышып, даарыгерлердин өздөрүнө оору жуктуруп алган учурлар кездешүүдө. Мындай көрүнүш көбүнчө Италия өлкөсүндө катталууда.

“Аты жаман” оору акыркы бир жума ичинде Кыргызстанга га жетип, учурда ооругандардын саны 42 адамды түздү. Өлкө аймагында коменданттык саат киргизилип, абал курчуп барат.

Мына ушундай кыйын кезде, коом даарыгерлерге суусап турган чакта, өз жумушун так аткарып, тиешелүү кийими жок кызматкерлерди обсервацияга киргизбей койгондугу үчүн жумуштан алынды делген “даарыгер менен болгон окуя туурабы “,- деген ой келбей койбойт.

Себеби, ал ошол эле министрлик иштеп чыккан эрежелерди сактоого аракет кылгандыгы айтылууда.

Төмөндөгү видеодо көпчүлүгү даарыгерди жактап, ага ыраазычылык билдиришип колдоолорун көрсөтүшкөн.

 

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *