Дайыр Исмадияров: Египетте жүргөндө көп нерсени түшүнбөй бизди карабай жатышат дей бериптирмин

Бишкек, 24.03.2020. Sokol.mediа  

Египеттеги эс алуусунда жүрүп,  коронавирус дартына байланыштуу киргизилген карантинден улам өлкөгө кире албай калган ырчы Дайыр Исмадияров ТИМ иштебей жатат деп нааразычылык билдирген эле. Өлкөгө келгенде гана абалды тууралуу толук оюн  «коом press» сайтына билдирди:

«Чындыгында Египетте жүргөндө көп нерсени түшүнбөй бизди карабай жатышат дей бериптирмин. Абалды толугураак Кыргызстанга келгенде билдим. Бизди алып келебиз деп Казакстан менен аябай сүйлөшүшүптүр. Учактан түшөөрүбүз менен баардык шарты бар автобустарга салып чек арадан текшерүүсүз өткөрүп алып келишти. Учурда эң мыкты шарты бар мейманканага жайгаштык.  Милициялар доктурлар келип, анализ алышууда. Мейманканадан эч ким кирип чыкккан жок. Мындай шарттар үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине ыраазычылык билдирем»-дейт ырчы.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *