Маалыматка ылайык, беш литр өсүмдүк майы үч эсеге кымбаттап, 200 манатты түздү, бул расмий курс боюнча 57 доллар.
Ушул тапта Ашхабаддын кирүү жана чыгуу жолдору жабылган. Башка облустарга учак же поезд менен гана барууга болот. Бирок бул үчүн ден соолуктун тазалыгын далилдеген маалымкат керек.
Түркмөнстан бийлиги өлкөдө коронавирус илдети каттала элек экенин билдирүүдө.