Кытай адистери вирус менен күрөшүүнүн эрежесин айтышты

Бишкек, 21.03.2020 Sokol.media
Кытайдын адистери Кыргызстандагы иш-аракеттердин тууралыгын белгилешти, аларда коронавируска каршы күрөшүүдөгү дагы башкы эреже – өлкө ичинде жарандардын жылып жүрүүсүн токтотуу болгон. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Төлө Исаков бүгүнкү өтүп жаткан жыйында билдирди.
«Жаӊы вирус адам отурукташып калган жеринде калып калуу касиетине ээ”, — деди министр.