Ырчы Дайыр Исмадияров Египеттен келе албай жатканын билдирди

Бишкек, 20.03.2020. Sokol.mediа

Кечээ, 19-мартта ырчы Дайыр Исмадияров Египеттин Шарм-эль-Шейх шаарындагы аэропортто 30дан ашуун Кыргыз жаранын казак авиакомпаниясы коронавирус кырдаалына байланыштуу учакка киргизбей жатканын кабарлаган. Аны менен super.kg порталы байланышып, кабар алышкан.

“Кечээ биздин каттамдан 40, кийинки каттамдан 80 адамды учакка киргизбей коюшкандан кийин ар бирибиздин туристтик компанияларыбыз өздөрүнүн мейманканаларына алып кетишти. Кээ бирине түнөк акысын өзүңөрдүн эсебиңерден төлөйсүңөр деди. Азыр ошол мейманканадабыз. Бизди ойлогон эч ким жок. Кыргыз элчилиги бизден азыркыга чейин кабар ала элек.

Элчилик Казакстан менен бир чечимге келе албай жатыптыр. Эртең дагы учуп кете турган мекендештерибиз бар экен. Бирок алар да биздей эле кете албай калышат. Мага «бизди да ала кет» деп 20 чакты адам жазып жатат. Ошондуктан кыргыздарды бир учак менен кетирүүнү суранып ТИМге кайрылдым. Азырынча жооп берише элек»— деген ырчы

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *