Ош шаарында 4 базар жабылууда

Бишкек, 20.03.2020. Sokol.mediа

Коронавирусу боюнча өлкөдө түзүлгөн кырдаалга ылайык, Ош шаарында 4 базар жабылууда.
📌 Бүгүнтөн тарта борбордук автоунаа базары, автоунаа тетиктерин саткан базар, кийим-кечек саткан борбордук жана «Келечек» базары убактылуу жабылат. Мындай аракеттер алдын алуу чаралардын алкагында көрүлүүдө.
📌 Ал эми азык-түлүк саткан жайлар жана дарыканалар иштейт берет.
🚶 Жарандарга эл көп чогулган жерлерге барбоо сунушталууда. ☎️ Ал эми кандайдыр бир суроолор жаралса, Ош шаарынын мэриясынын ишеним телефону (03222) 5-53-84 күнү-түнү жооп берет. / Ош ш. Мэриясы

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *