Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 3 адам катталды

Бишкек, 20.03.2020. Sokol.mediа

Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 3 адам катталды.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин маалыматы боюнча, 20.03.2020-ж. эрте мененки саат 9-00гө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 3 жаӊы учур катталды. Ооругандардын жалпы саны – 6 адам. Алар Ош облусунун Ноокат районунун жашоочулары 
Бейтаптар изоляцияналып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, тийиштүү дарылануу алууда.

Коронавируска чалдыккандардын жаӊы учурлары Умрага кичи хаджга барып келгендер.
“Кооптонууга негиз жок, карантинди сактап, көп эл чогулган жайларга жана иш-чараларга барбай, эгерде кандайдыр бир оору белгилери байкалса, үйдөн чыкпастан тез жардам кызматына байланышып, медиктердин сунуштамаларын так аткаруу кажет”, — деп билдирди министр.

 

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *