Умрадан учуп келген самолетто 135 адам эмес, 144 адам экени аныкталды

Бишкек, 19.03.2020. Sokol.mediа

Акыркы маалыматтар боюнча Умрадан учуп келген самолетто 135 адам эмес, 144 адам экени аныкталды. Бул тууралуу Салама ттыкты сактоо министрлигинен билдиришкен.

Анын ичинен 142си обсервацияга жаткырылды. Бардыгынан анализдери алынып, 3 адамдан коронавирус аныкталып, калганынан анализдер таза чыккан.

Учурда Жалал-Абадка коронавирус жуктурууга шектелген учурду аныктоого жергиликтүү тургундарды тиешелүү анализдерден өткөрүү үчүн эки мобилдүү лаборатория жиберилди.
Ар бир ооруканаларда жана «Манас» аэропортунда 24 саат бою нөөмөттөгү врачтар иштеп жатат.

Эске салсак, 18-мартта Кыргызстандан коронавирус жуктурган 3 адам табылган. Алар Сузак районунун тургундары. Бул 3 адам Умрадан учуп келген.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *