Коронавируска байланыштуу Eurovision сынагы быйыл өтпөй калды

Бишкек, 19.03.2020. Sokol.mediа

Коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл Eurovision-2020 ыр сынагы өтпөй калды. Бул тууралуу 18-мартта сынактын уюштуруучулары билдиришти.

Конкурс быйыл 12-16-майда Нидерланддын Роттердам шаарында өтүшү керек болчу.

Европа телерадиоберүү бирикмеси мындай чечимге «COVID-19 вирусунун бүтүндөй Европага жайылышы, ошондой эле катышуучу өлкөлөрдүн өкмөттөрү менен Нидерланд бийлигинин чектөөсү» себеп болгонун маалымдады.

Eurovision сынагы — 1956-жылдан бери өткөрүлүп келаткан популярдуу шоу. Былтыр Израилде уюштурулуп, нидерланддык Дункан Лоуренс жеңүүчү болгон. Эрежеге ылайык, сынак жеңүүчү ырчынын өлкөсүндө өтөт.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *