Бабанов коронавирус менен күрөшүүгө 5 млн сом бөлөт

Бишкек, 19.03.2020. Sokol.mediа
Өмүрбек Бабанов коронавирус менен күрөшүүгө 5 млн сомдук жардам бере тургандыгын социалдык баракчасына жазды.
Ал Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине 3 млн сом, ал эми 2 млн сом 2000 пенсионерге дары-дармектери үчүн которот.
«Ынтымагыбызды жана акылмандыгыбызды сынай турган учур болуп жатат. Биз бардыгыбыз башыбызды бириктирип, бул тумоону жеңишибиз керек. Коронавируска каршы күрөштү жөнөкөй жараныбыз да, бизнесменибиз да колдоого алышы керек. Бүгүн элибиз үчүн колдон келген жардамды көрсөтүүнү мен да жарандык милдетим деп эсептейм», -деп айткан Бабанов