Умрадан келген 90дон ашык адам  обсервацияга алынды

Бишкек, 18.03.2020. Sokol.mediа Бегимай Керимова

 Бүгүн, 18-мартта Кыргызстанда умрадан кайтып келишкен 8 кишинин үчөөсүнөн коронавирустун аныкталганы  белгилүү болду. Алар  Жалал-Абад облусунун тургундары.  Ал адамдар менен бирге келген каттамдагы 90дон ашык адам учурда обсервацияга алынгандыгы  тууралуу бүгүн 18-марттагы жыйында Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Учурда ар биринен тест алынып, ошондой эле ар биринен сүйлөшүп, кайда барды, эмне кылды, ким менен байланышта болду, ошонун баары тастыкталып, бардык кызматтар изилдеп жатышат, — деди Чолпонбаев.

Коронавирус жуктургандар 70 ,  62 жашта жана үчүнчүсү 46 жаштагы адамдар. Алардын абалы учурда  канааттандыраарлык.

Эске салсак, коронавирус жуктурган Сузак районунун үч жараны 12-мартта Сауд Арабиядан учуп келген.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *