Сузактагы вирус жуккан адам 150дөй адамга ажы той берген

Бишкек, 18.03.2020. Sokol.mediа

Сузакта коронавирус оорусу аныкталган үч жарандын бирөө Сузак районунун Бостон айылынын 1974-жылы туулган К.Х.аттуу тургуну. Анын төрт баласы бар. Бул тууралуу SUPER.KG порталына айыл өкмөт башчы Сабитжан Халбаев билдирген.

“Бул жаран айылга 13-мартта келген. Анын төрт баласы бар. Азыр айылга өзгөчө кырдаал жарыяланып, үйлөрдөн чыгууга тыюу салынды. Коронавируска кабылган бул жарандын үйү курчоого алынды. Умрадан келгенден кийин 100-150дөй адамга ажы той берген. Азыр мен тойго катышкан 21 адамдын аты-жөнүн аныктадым, алар карантинге алынды”, – деп билдирди айыл өкмөт башчы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-мартта Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 3 адамдан коронавирус оорусу аныкталганы кабарланган.

Булак: super.kg

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *