Коронавируска байланыштуу депутат шайлоону токтотууну сунуштады

Бишкек, 18.03.2020. Sokol.mediа
Бүгүнкү, 18-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Жапаров 12-апрелде өтүүчү жергиликтүү кеңешке шайлоону токтотуу керектигин айтты:
-Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн сунушун берсин. Шайлоону токтотобузбу же электрондук шайлоо кылабызбы? Кандай кылабыз, БШК отурумунда чечим кабыл алсын. Бул чатак нерсе депутат шайлайбыз деп Кыргызстандын баарын кырып албайлы-деди Жапаров.