Умрадан дагы 300 Кыргызстандык кайтып келет

Бишкек, 18.03.2020 Sokol.media

Дагы эки күндө Сауд Аравияга кичи ажылыкка барган 300 кыргызстандык мекенине кайтып келет. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков маалымат жыйын учурунда билдирди.

«Эртең 100, бүрсүгүнү 200 кыргызстандык умрадан кайтып келет. Алардын баарын аэропорттон текшеребиз, эч биринде коронавирус аныкталбаса үй карантинине жиберебиз. Эгер бирөө жарымдан аныкталса, баарын обсервацияга алабыз», — деди Исаков.

Ошондой эле карантинге алынгандар үчүн өлкө боюнча 1600 койка даярдалганын айтып, учурда обсервацияда 321 адам жатканын министр белгиледи.

Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус үч адамга жукканы аныкталып, алар Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары.

  • Вирус жуктургандар Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген. Учурда Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө жатышат. Абалдары туруктуу экени айтылды.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *