Орусия 1-майга чейин чет өлкөлүктөр үчүн чек арасын жабат

Бишкек, 17.03.2020. Sokol.mediа

Орус өкмөтү 18-марттан 1-майга чейин чет өлкөлүк жарандарга Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салды.

Премьер-министр Михаил Мишустин Беларустун, Азербайжандын, Армениянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын өкмөт башчылары менен сүйлөшүп, жаңы киргизилчү чараларды талкуулаганын орус өкмөтүнүн расмий сайты жазды.

Расмий билдирүүдө мындай чара коронавируска байланыштуу «өлкөдө коопсуздукту камсыздап, калктын саламаттыгын сактоо» үчүн көрүлүп жатканы белгиленет.

Мында чектөө дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине, расмий делегациялардын өкүлдөрүнө, эл аралык каттамдардагы транспорт кызматкерлерине каралбайт.

Москвада коронавирус коркунучунан улам мэр Сергей Собяниндин буйругу менен 10-апрелге чейин эл көп катышчу иш-чараларга тыюу салынган. Жабык жайлардагы жыйын-чогулуштарга катышкандардын саны 50 кишиден ашпоого тийиш. 21-марттан тарта бардык мектептер жабык болот.

Орусияда жалпысынан 93 кишиде COVID-19 вирусу табылган.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *