Казакстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 27ге жетти

Бишкек, 17.03.2020. Sokol.mediа

Нур-Султан шаарында дагы 14 адамдын коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов билдирди.

«Вирус жуктурган 14 бейтап карантинге алынды. Алар менен байланышта болгон бардык адамдар аныкталып, аларды да изоляциялоо иштери башталды», — деп билдирди министр.

Ушуну менен Казакстанда коронавирус жуктурган адамдардын жалпы саны 27ге жетти. Алардын 11и Алматыда, 16сы Нур-Султанда катталган.

Казакстанда 16-марттан бери өзгөчө кырдаал киргизилип, 15-апрелге чейин эл көп топтолгон оюн зоок борборлору, кинотеатрлар ишин токтотуп, ар кандай көргөзмөлөргө, спорттук оюндарга жана эл көп чогулган иш-чараларга тыюу салынган. Буга байланыштуу өкмөттүк жолугушуулар, басма сөз жыйындар онлайн-режимде өтүүдө.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *