Турцияда жашы жете элек өспүрүмгө сексуалдык ыдык көрсөткөн түрк жараны Кыргызстанда кармалды

 Бишкек, 16.03.2020. Sokol.mediа Бегимай Керимова

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан Турциянын укук коргоо органдары жана Интерпол тарабынан Турцияда жашы жете элек өспүрүмгө сексуалдык ыдык көрсөткөн Турциянын жараны, 1984-жылы туулган А.С. кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, изделип жаткан жаран Кыргызстандын аймагына 2018-жылы келген жана республиканын ЖОЖдун биринде кара жумуш менен алектенип жүргөн. Биринчи Май райондук сотунун ченчими менен кармалган жаран тергөө абагына 1 айга киргизилди. Аны өз өлкөсүнө экстрадициялоо маселеси чечилүүдө. 

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *