Премьер-министр: Оору Кыргызстанга жакындады

Бишкек, 16.03.2020. Sokol.mediа Бегимай Керимова

 Акыркы күндөрү кошуна өлкөлөрүбүз Казакстан менен Өзбекстанда коронавирус жуктурган учур катталганына байланыштуу оору Кыргызстанга жакындаганын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүнкү брифингде билдирди. 

 Биз менен абдан көп катышы бар эки өлкөдө коронавирус катталды. Жүздөгөн, миңдеген адамдарыбыз күнүнө Өзбекстанга кирип чыгат. Өзбекстандын жарандары бизге, туугандарына келет. Негизги өнөктөшүбүз болгон Казакстандан да канчалаган транспорт каражаттары кирип чыгат, — деди Өкмөт башчы.

Ошондой эле премьер-министр өлкөдө коронавирустун алдын алуу боюнча аталган өлкөлөрдөн келген адамдарды текшерүү күчөтүлөрүн билдирүү менен бул көрүнүшкө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *