Кыргызстанда түнкү клубдар, кинотеатрлар, компьютер залдары, оюн-зоок борборлор убактылуу жабылды

Бишкек, 16.03.2020. Sokol.mediа
Кыргыз өкмөтүндө коронавирусту алдын алуу боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны өттү. Анда жарандарды көп эл чогулган жерге барбоо, ата-энелерди балдарын үйдө кармоо сунушталды.
Жыйында өпкөнү сезгенткен вирусту жайылтпоо үчүн түнкү клубдарды, кинотеатрларды, компьютер залдарын, соода борборлорундагы балдар үчүн оюн-зоок аянтчаларын, тамактануучу жайларды жабуу тууралуу чечим кабыл алынды.
Ал эми башка кызмат көрсөтүүчү, коомдук тамактануучу жайларда массалык иш-чараларды уюштурбоо, санитардык чараларды күчөтүү сунушталды.
16-мартка карата Кыргызстан аймагында коронавирус катталган учур жок. Учурда 341 адам карантинде кармалып турат.