Футболист Роналду мейманканаларын ооруканага айлантаарын билдирди

Бишкек, 16.03.2020. Sokol.mediа Бегимай Керимова
Белгилүү футболист, Португалия курама командасынын оюнчусу Криштиану Роналду өзүнүн Pestana CR7 аттуу мейманканаларынын бардыгын коронавирус менен ооруган адамдар үчүн бекер дарылана турган ооруканага айлантаарын билдирди.
Ошондой эле 35 жаштагы футболист оорулууларды даарылаган даарыгерлерге айлык акы төлөп берээрин да айтты.
“Учурда дүйнө жүзү оор кыйынчылыкты башынан өткөрүүдө. Адамдын өмүрүнө кам көрүү бардыгынан өйдө турушу керек”, -деген ал.
Эске салсак, акыркы күндөрү коронавирус дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүнө таркады. Кыргызстанга коңшу мамлекеттер Казахстанда 9 адам жана Өзбекстанда 4 адамдан вирус табылды.