Барктабасов: «Алия» мейманканасын пайдаланганга бергенге даярмын!

Бишкек, 16.03.2020. Sokol.mediа Бегимай Керимова

 Белгилүү актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын күйө баласы, ишкер Урмат Барыктабасов Кыргызстанда коронавирус боюнча кырдаал курчуса өзүнүн Балыкчы шаарындагы мейманканасын бекер пайдаланууга берүүгө даяр экендигин фесбук баракчасына жазган:

«Урматтуу Премьер-министр!
Түзүлгөн кырдаал оор болуп турат. Эгер ооруган адамдарга жатакана керек болсо, Балыкчыдагы Алия мейманканасын пайдаланганга бергенге даярмын. 45 оорулуу адам жаткырса болот. Бүт шарты бар, ыссык суу, муздак суу, кухнясы ж.б.у.с.
Мамлекет оор кырдалда турганда жардамымды аябаймын. Бекер пайдалангыла… Коронавирус шамалдан коркот, Балыкчынын абасы кургак, оорулуу  адамдар тез сакайып кетет..
P.S. Угушума караганда шарты жок жерге ооруган адамдарды жаткырган жатышыптыр..
Жакшы шарты бар жер сунуштайын..
Оорулу адамдардын көңүлү көтөрүлүп тез сакайып кетет..

Алланын ыраазычылыгы учун, жана элимдин саламаттыгы үчүн..».-деп жазган.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *