“40 чоро” кыймылы парламенттик шайлоого катышаарын билдиришти

Бишкек, 16.03.2020. Sokol.mediа
“40 чоро” кыймылы 2020-жылы күзүндө өтө турган парламенттик шайлоого катыша турандыгын уюмдун негиздөөчүлөрүнүн бири Кубанычбек Дүйшеев 24.kg ге билдирген.
Анын айтымында учурда алар артиялар менен сүйлөшүүлөрдү жүгүзүп жатышат.
“ Биздин саясий программабыз бар. Азыркы учурда 10 партия менен сүйлөшүүлөр болуп жатат. Алардын арасында биздин көз-караштарыбызга дал келген, бизге жакын партиялар бар”, -деген Кубанычбек Дүйшеев.