Вице-спикер Аида Касымалиева үй карантинге алынды

Бишкек, 13.03.2020. Sokol.mediа Бегимай Керимова

 Депутат Абдыбек Дюшалиев жана Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева  үй карантинине алынды. Алар немис парламентинин чакыруусу менен барышып, бүгүн түнү Германиядан учуп келишкен.

“Өзүмдү жакшы сезип турам. Бул сапар пландалган болчу, андан баш тартууга мүмкүн болгон жок. Саламаттык сактоо министрлиги менен кеңешип, бардыгы жайында болгон. Биз Абдыбек Дюшалиев экөөбүз кийинчирээк келишибиз керек эле, бирок Кыргызстанга эрте эле кайтууну чечтик. Бизди Германиядан коронавируска карата текшеришти. Стамбулдун аэропортунан текшеришкен жок. Белгилей кетсем, Бишкекке келгенде бизди абдан дыкат текшерүүдөн өткөрүштү. Кабыл алынган эрежеге ылайык бизди 14 күнгө үй обсервациясына алышты. Бул убакыт аралыгында үйдө отуруп иштейм”, -деп айтып берди вице-спикер.

Ошондой эла спикер айым коронавируска карата тапшырган анализдин жыйынтыгы бүгүн 13-март кечинде даяр болорун белгиледи.

Мындан тышкары коштоп келгендер дагы 14 күнгө карантинге алынганын кошумчалады.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *