Сузакта 3 жаш өспүрүм социалдык коргоо бөлүмүнө өткөрүлүп берилди

Бишкек, 12.03.2020. Sokol.mediа Бегимай Керимова

Сузак РИИБи тарабынан өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу багытында атайын рейд өткөрүлдү. Бул тууралууЖалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди.

Рейддин алкагында кайырчылык кылгандар менен катар 45 кожолук, 5 жер төлөө, 4 компьютердик клуб текшерилип, 3 жаш өспүрүм социалдык коргоо бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Түнкү убакыттарда коштоочусу жок оюн клубдарында жүргөн өспүрүмдөр райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, ата- энелерине эскертүүлөр берилди. Ошондой эле оюн-зоок клубдарынын ээлерине жаш өспүрүмдөргө чектөө коюу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

 

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *