Москвада бийликти узурпациялоого каршы пикеттер өттү

Бишкек, 12.03.2020. Sokol.mediа Бегимай Керимова

Москвада эки күн катары менен Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө каршы пикеттер өтүүдө.

Баш мыйзамдагы толуктоолорго ылайык, азыркы президент Владимир Путиндин жана экс-президент Дмитрий Медведевдин буга чейинки президенттик мөөнөттөрү жокко чыгарылат. Бул Путиндин 2036-жылга чейин бийликте калышына жол ачат.

«МБХ медиа» басылмасынын билдиришинче, Путиндин бийлигинин узурпациясына каршы 100дөн ашуун киши чогулду. Акция бир күн мурдагыдай эле князь Владимирдин эсетилигин алдында өттү. Окуя болгон жерде ондон ашык полиция кызматкерлери иштеп, үч автобус жана эки жеңил машине нөөмөттө турду. Тартип сакчылары нааразылыкка чыккандардын жеке маалыматтарын каттап алышты.

10-мартта ”Бирдиктүү Орусия” партиясынын депутаты Валентина Терешкова Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр менен бирге Путиндин буга чейинки президенттик мөөнөттөрүн жокко чыгарууну сунуштаган. Андан көп өтпөй Думага президент өзү келген. Ал Терешкованын сунушун жактырып, бирок Конституциялык сот оң бүтүм чыгарып бериши зарыл экенин билдирген.

https://youtu.be/6rYdpk9teVo

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *