Эпидемиологиялык кырдаал курч өлкөлөрдөн жашырынып келген жарандар жоопкерчиликке тартылат

Бишкек, 12.03.2020. Sokol.mediа Бегимай Керимова

Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова АКШ өкмөтүнүн жугуштуу оорудан сактануу каражаттарын кабыл алуу иш-чарасынан соң, «Азаттык» радиосуна билдирди.

Вице-премьер-министрдин маалыматына караганда, эпидемиологиялык кырдаал курчуп турган өлкөлөрдөн келип, бирок анысын жашырып кирип кеткен жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат:

«Туура эмес маалымат берип, Италиядан Орусия же Казакстан аркылуу келип, бирок анысын жашырып, ички паспорт менен өлкөгө кирип кеткен жарандар катталган. Андай фактылар билинип калган учурда алар оңой эле табылат жана карантинге жаткырылат. Эгер адамдар билип туруп, атайын ошондой кадамга барса, Кылмыш кодексинин 280-беренесине («Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу») ылайык жоопкерчиликке тартылат».

Алтынай Өмүрбекова жарандарды эң ириде өз өмүрүнө, андан кийин жакындарынын жана башкалардын өмүрүнө жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырды.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *