Эксперт: Соттор Акаевдин учурунан баштап басынтуунун гана куралы бойдон калууда

Бишкек, 12.03.2020. Sokol.mediа

Эксперт, саясат таануучу Марс Сариев: Соттор Акаевдин учурунан баштап басынтуунун гана куралы бойдон калууда

  • Марс Осмонкулович, 2019-жылы Жаңы Кодекстер күчүнө кирип, “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирип, Бишкек ШИИББдин Командалык борбору, Мониторинг борбору, “Бирдиктүү терезе” мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү тутуму,   Кайгуул милициясы иштеп баштаган.  Өткөн 2019-жыл боюнча ИИМдин ишмердүүлүгүн Сиз кандай баалайсыз?
  • Укук коргоо органдарынын иши жөнүндө мен биринчи ирээтте Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин иш-аракети менен баалайм. Мен көрүп жаткандай, мурда көчөлөрдө айдоочуларды токтотуп алып, айып пул салган таякчаларын көтөргөн кызматкерлер жок. Азыркы учурда кайгуул унаалары жүрүүдө. Баардыгы европалык ыкмага оошуп, эч кимди тынчсыздандырбайт. Негизинен бул түзүмгө кызматкерлерди сынактык негизде алып, ал ачык-айкын өттү жана ал жакка жарандык коомдон дагы кызматкерлер алынып, сапаттуу курам топтолду. Ал эми мурдагы ЖКККББ жолдордо акча чогултуунун булагы катары кабыл алынса, азыр цивилизациялуу ыкмаларда кадам таштады. Учурда түнкү маалда көчөлөрдө жүрүү коопсуз болуп калды, анткени баардык кырсыктарды  каттаган камералар орнотулган. Ал эми “Бирдиктүү терезе” зарыл болгон документтерди, паспортторду, тактамаларды алууда алда канча жеңилдетти.

Жаңы мыйзамдарга ылайык, өлкөдө лебералдуу режим орноодо, соцтармактарда  ар кандай коомдук жана саясий маселелер боюнча ачык талкуулашып,  эч кимдин укугу тепселенген жок. Бул биринчи тарабы. Бирок, үй-бүлөлүк зомбулук, балдарга карата зомбулук, уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү сыяктуу кылмыштардын түрлөрү боюнча мыйзамдарды оорлотуу керек деп эсептейм. Казакстандыкындай кылып, балдарга каршы  сексуалдык кылмыш жасоого  химиялык бычуу киргизүү керек. Акыркы жылдары бул бүткүл дүйнөлүк көйгөй болуп, балдарга карата зомбулуктун саны өсүп жаткандыктан, оор жазаларды колдонуу керек.

  • Көптөгөн милиция кызматкерлери нааразы болуп билдиришкендей, паракорлорду, зөөкүрлөрдү жана башка кылмышкерлерди кармап, иши сотко өткөндө,иштери оңунан чыкпай текке кетип, кылмышкерлерди шарттуу жана жатак абагына гана кесилиши, айрым учурларда мыйзам аларга иштебегендей мамиле кылгансып эркиндикке чыгарып жиберген учурлар дагы болот. Ал эми бул учурда милиция кызматкерлеринин кылган аракети текке кетет….

Туура, бул чоң көйгөй. Соттук-укуктук реформа бир жерде токтоп тургандай, соттор саясий көз каранды бойдон калууда, анткени сотту мамлекет башчы шайлайт. Муну мен туура эмес деп эсептейм. Азыркы учурга чейин телефон чалып сүйлөшүп алуу кездешет, соттор Акаевдин учурунан баштап басынтуунун гана куралы бойдон калууда. Бул абалды оңдоо үчүн биринчиден соттордун маянасын жогорулатып, ошо менен тете иши үчүн жоопкерчилигин дагы күчөтүү керек.  Сот тарабынан бузуулар жасалган болсо, катуу чараларды көрүп, кызматынан кетирип, баардык ыйгарым укуктарынан ажыратуу кажет. Алардын кызматка дайындалуусу дагы жамааттык болуш керек, анткени алар кайсы бир мамлекеттик органдардан же бир адамдан көз каранды болбошу керек. Соттор өзүнүн ысымын, аброюн, кызматтык абалын кастарлап туруусу абзел. Андан сырткары, соттор катачылык кетирип албаш үчүн присяждык соттор киргизилүүсү керек. Азыркы учурда эл арасында  акчаң көп болсо баарын сатып алсаң болот, кедей болсоң камаласың деген ойлор бар.

  • Азыркы учурда милиция кызматкерлерин экстремизм, наркомания, андан сырткары үй-бүлөөлүк зомбулук, көчөлөрдөгү кылмыштуулук менен начар иштеп жатат деп сындашууда.  Бирок, башка тарабынан бул көйгөйлөр менен башка дагы укук коргоо органдары дагы, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийликтер, коомчулук күрөшүү керек. Буга милиция гана күнөлүү деп эсептөөгө болобу?
  • Милиция бул жазалоочу орган. Ал күнүнө кылмыштарга дуушар болот. Бирок, алар кылмыштуулукту алдын алуу менен алектениш керек. Бул боюнча билим берүү министрлиги жана коомчулук алектениш керек.  Мыйзамдуулукту сактоого бала бакчадан баштап үйрөтүү кажет.  Азыр пионердик, комсомолдук уюмдар жок болуп, балдар өзү каалагандай жүрүп, көчөлөрдө гана болуп калды. Көптөгөн ата-энелер каражат табуунун үстүндө гана иштеп, балдарын тарбиялоого убакыты менен күчү жетпей калууда. Көчөдөгү маданият, телеэкрандагы зомбулуктун агымы, жалган кармаандар, адамдардын турмуштагы балуулуктарын эске албай, моралдык жана жүрүм-турум туруктуулугун талкалоодо. Бардар үй-бүлөөнүн балдары айым учурда өспүрүм убагында баңгизатка көнүп, аз камсыз болгон болгон үй-бүлөлөрдүн балдары болсо клейлерге, башка токсикалык каражаттарды жыттай башташат.  Негизинен алганда, жашынан баштап криминалдык чөйрөгө көнө башташат. Алар укук бузууларды жасашканда, акыры милиция күнөлүү болуп чыгат. Бул учурда балдарды көзөмөлдөбөгөн коомчулук, ата-эне, мамлекеттик органдар кайда болушкан деген суроо келет…

Эгерде Казакстандагы акыркы окуяларды карай турган болсок, бул кесепет Казакстан Элдеринин Ассамблеясынын, башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтердин  ишиндеги кемчиликтеринен болду десек болот.  Улуттар аралык мамилелердин көйгөйү-бүт өлкөлөрдө актуалдуу жана бул өңүттө кагылышуулар болот. Буга бийликтин туура эмес улуттук саясаты, кедей-бай болуп бөлүнүүлөр түрткү берет. Мисалга алсак, Малайзияда калктын азчылыгын түзгөн кытайларды талкалагандан кийин, өкмөткө мамлекеттик органдарга, укук коргоо ведомстволоруна жана башкаларга ар кандай улуттардан келүүсү боюнча квота киргизилген.  Бул адилеттүүлүк принцибин жакшыртканга шарт түзгөн. Ошондой эле адамдардын келечекте боло турган нараазычылыктарын болтурбоого мүмкүнчүлүк берди.

Ал эми биздин өлкөдө болсо башка улуттагы адамдарды эмнеге алар бардар жашоодо жашайт, эмнеге көп акча табышат, эмнеге кымбат баалуу унаа айдашат   наарызы болушат. Азчылык улуттун жаштары болсо, өзүнүн жазасын албоолоруна көзү жетишкендиктен ( ата-энелери милициядан куткарып калышат) укук бузууларды жасашат. Бул чыңалууга алып келет жана каргашалуу окуяларга дагы дуушар кылышы мүмкүн. Бизде Стратегиялык Изилдөөлөр институту, Кыргызстан Элдер Ассамблеясысы бар болгондуктан, алар терс процесстерди изилдеп, нараазычылыктардын жарылуусун эскертүү керек. Өлкөнүн жашоосуна жабыкка көнүп калышкан  улуттардын азчылыгынын бирикмелеринин кошуу керек жана мамлекеттик жана башка органдарга квоталарды берүү туура болот.

Казакстандын чек арага чектеш аймагындагы айылдарда укук коргоо органдары өздөрүн жакшы жагынан көрсөткөндүгүн белгилеп кетүү керек. Алар Кыргызстанга агылып келе жатышкан качкындарга бир дагы тоскоолдуктарды көрсөтүшкөн жок жана жардамдарын дагы берип жатышты.

  • Акыркы суроом болсун, Кой-Таш окуяларында милиция кызматкерлеринин иш-аракетин кандай баалайсыз? Коом негизинен милиция кызматкерлеринин иш-аракетине, бул окуяны изилдеген коммиссияга оң баа беришти жана укук коргоо органдары мыйзамдын алкагында иштеди дешти…
  • Бул окуянын жүрүшүндө Атамбаев туура эмес иш-аракеттерге барды. Президенттик шайлоодой кийин ал өзү ойлогондой Жээнбеков башкарууга боло турган фигурага айланат деп ойлогон. Бирок ал бул жерден адашкан, Жээнбеков бийликке келгенден кийин, эгерде ал башка бирөөнүн жүгүн көтөрө турган болсо, өзүнүн авторитети түшүп, өлкөнү башкарууга уруксаат бербеерин түшүнгөн. Атамбаев абалды курчутуу менен ал өзүнө өзү ор казып, жыйынтыгы кайгылуу болду. Мен экс-президенттин иш-аракеттери менен коркутулган өлкөнүн коомдук коопсуздугун камсыздоо үчүн укук коргоо органдары мыйзамдын алкагында иш жүргүзгөнүнө толук кошулам.  Эми ал мыйзам алдында Кылмыш-жаза кодексинин оор беренелери боюнча жооп берет. Мурда ИИМге тергөөчүнүн чакыруусу менен келип койсо, анда күбө катары көрсөтмө бермек.

Маектешкен ИИМдин Басма сөз кызматы

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *