Депутат тойлорду токтото туруунун зарылдыгын айтты

Бишкек, 12.03.2020. Sokol.mediа Бегимай Керимова

 Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков ал 12-мартта парламенттин жалпы жыйынында коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстанда эл көп чогулуучу иш-чараларды убактылуу токтото туруу керек экендиги айтты:

«500-700 адам чогулган тойлор өтөт. Кол алашып, жүзүнөн өөп саламдашышат, коштошушат, конверт тапшырышат. Элден, бизнестен кечирим сурайм, албетте, бирок кеп элибиздин ден соолугунда болуп жатат».
Ошондой эле  депутат окуучуларды жана студенттерди каникулга таратып, окууну жайкыга которууну сунуш кылды.

Билим берүү мекемелерин 15-марттан 15-апрелге чейин жаба туруу сунушун бүгүн депутат Тазабек Икрамов да айтты.

Акыркы маалыматтар  боюнча, Кытайдан чыккан коронавирус дүйнөнүн 110дон ашуун өлкөсүнө тарап,  118 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 4200дөн ашуун адам каза болду, 63 миңдейи айыгып чыкты.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *