Белгилүү актёр Том Хенкс жубайы менен коронавирус жуктуруп алышты

Бишкек, 12.03.2020. Sokol.mediа Бегимай Керимова

 Белгилүү америкалык актёр жана анын аялы Рита Уилсон коронавирус жуктуруп алышып, учурда австралиядагы ооруканалардын биринде даарыланып жатышкан учуру. Бул тууралуу актёр өзүнүн инстаграм баракчасына жазган:

“Биз өзүбүздү аябай чарчагандай сезип, суук тийгизип алгандай сыяктуу болдук. Атайын тестирлөөдөн өткөндө, анын жыйынтыгы оң (положительный) болуп чыкты”,-деген ал.

Австралиялык SBS телеканалынын маалыматына караганда Хенкс жубайы менен жаңы киного тартылуу үчүн Австралияга келишкен.

Учурда бул түгөйлөр вирсуту кайсы жерден жуктуруп алгандыгы белгилүү боло элек. Аны тактоо үчүн болгон аракеттер жумшалып жаткандыгы маалымдалды.

Азыркы мезгилде Австралияда 128 адам коронавирсу жуктуруп, үч адам каза болуп, 21 адам айыгып чыккан.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *