Аксыдагы окуучусу сабалган мектептин директору иштен алынды

Бишкек, 12.03.2020. Sokol.mediа Бегимай Керимова

Окуучусу сабалган мектептин директору иштен алынды.  Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мааылматта караганда,  окуя 2020-жылдын 6-февралында Аксы районундагы №5 Асанбек Кабаев орто мектебинин аймагында катталган. 9-класстын 6 окуучусу ушул эле класстын башка окуучусун сабашкан. Сабалган өспүрүм ооруканага кайрылган, учурда окуусун ошол мектепте улантууда.

Ошондой эле, Аксы райондук билим берүү бөлүмүнөн кабарлашкандай, окуядан кийин Асанбек Кабаев орто мектебинин социалдык педагогу жумуштан алынган.

Мектептин директору Шабданов Кененбай өзүнүн функционалдык милдеттерине жоопкерчиликсиз мамиле жасап, зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча окуучуларга түшүндүрүү иштерин жеткиликтүү жүргүзбөгөндүгү үчүн ээлеген кызматынын бошотулду.

Министрлик аталган мектептин ата-энелери, жергиликтүү коомчулук, мектеп мугалимдеринин биргелешип иштөөсүнүн зарылдыгы боюнча тапшырмаларды берди. Аксы райондук билим берүү бөлүмү тарбиялык иштерди күчөтүү, комплекстүү иш чараларды иштеп чыгууга милдеттендирилди.

 

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *