Назарбаевдин небересинин Лондондогу хансарайы камакка алынды

Нурсултан Назарбаевдин улуу небереси Нурали Алиев

Бишкек, 11.03.2020. Sokol.mediа

Улуу Британиянын Кылмыштуулукка каршы күрөшүү агенттиги Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Нурали Алиевге таандык делген Лондондогу кымбат баалуу хансарайды камакка алды.

Мекеменин маалыматына караганда, бул турак-жай атайын жүргүзүлгөн тергөөнүн алкагында камакка алынды. Эми үйдү 10-мартта башталган соттук териштирүүлөр аяктаганга чейин сатууга же башка бирөөгө өткөрүп берүүгө болбойт.

Би-Би-Си радиосу, Transparency International жана Finance Uncovered эл аралык уюмдары маалымдагандай, британ өкмөтү «казак саясий элитасынын булагы аныкталбаган байлыгына» кызыгып жатат.

Би-Би-Синин маалыматына ылайык, Лондондун престиждүү көчөлөрүнүн биринде жайгашкан өзгөчө кайтаруудагы чоң үйдүн жертөлөсүндө кинотеатр жана бассейн бар. Мүлктүн ээси катары офшордук компаниялар көрсөтүлгөнү менен анда учурда Казакстан парламентинин жогорку палатасынын спикери Дарига Назарбаеванын уулу жана экс-президент Нурсултан Назарбаевдин небереси Нурали Алиев жашайт.

Маалыматка караганда, британ бийлиги Нурали Алиевга таандык делген Лондондогу дагы эки кыймылсыз мүлктү камакка алды. Алардын жалпы баасы 80 миллион фунтка (104 миллион АКШ долларына жакын) жетет.

Нурали Алиев — Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаеванын улуу баласы. Ал Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Берик Имашевдин кызы Аида Алиевага үйлөнгөн. 2014-жылдын декабрынан 2016-жылдын мартына чейин баш калаа Нур-Султандын акиминин орун басары кызматында иштеген.

 

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *