Депутат Мавлянова: Эгер алар чай куйбаса, эмне чайды чоң атасы куябы?

Картинки по запросу "махабат мавлянова"

Бишкек, 11.03.2020. Sokol.mediа

Депутат Махабат Мавлянова фемминистик акцияларын баарын улутту жок кылууга багытталган аракеттер катары баалай турганын Жогорку Кеңештин жыйынында  айтты: 
«Бул боюнча интернет булактары аркылуу билип жаттык. Негизи эле аял укугун коргоону бетке жамынып, «жатыным меники», «төрөбөйм», «чай куйбайм» деген сөздөр улуттук нарк-насилдерге таасир берет. Булардын баарын улутту жок кылууга багытталган аракеттер катары баалайм. Мындай лозунгдарды көтөргөндөрдүн өзүн «чагымчылдар» деп атагым келет. Биздин эл кылымдардан кылымга жазылбаган, оозеки каада-салт, нарк-насил менен эле башкарылып келген. Баарынан дагы акцияга чыккандарды түшүнүп, акылым жетпей турат. Эгер алар чай куйбаса, эмне чайды чоң атасы куябы? Бул улутту жок кылуу аракеттери. Ал гана эмес бул тууралуу мыйзамдарды жазып чыгышыбыз керек. Бир эле мыйзам менен чектелип калбастан, аларга айып пул дагы төлөтүшүбүз керек. Аталган акциянын катышуучулары «Жеңиш» аянтына чыкканынын өзү эң туура эмес кадам болду. Элди чогултуу, майрамдоо дегендерге тыюу салынса дагы, алардын топтолуп алганы бул — ээнбаштык», — деди депутат айым.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *