Окуучулардан салат талап кылган мугалим иштен алынды

Бишкек 10.03.2020 Sokol.media

9-мартта социалдык тармактарга мугалим окуучуларды тилдеп, 8-мартка карата сый тамак уюштурууну суранган видеотасма чыккан.

Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмүнөн кабарлашкандай, тасмадагы мугалим аталган райондогу Баки Эшмамбетов атындагы орто мектебинде эмгектенет. Окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп, мугалимдин аракетине юридикалык баа берилди.

Тактап айтканда, Билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жылдын 1-октябрындагы (№1151/1) ар кандай даталуу жана майрам күндөргө карата мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салынышы боюнча буйругун аткарбаганы үчүн Эмгек кодексинин 83-беренесинин 8-пунктуна ылайык, мугалим жумуштан алынды.

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, мугалимдер арасында жеткиликтүү түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөнү үчүн мектеп директоруна да тартиптик чара колдонулду.

Мугалим окуучуларга «салат жасап бергиле» деген видео таркады (видео)

Булак. Акипресс

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *