Кыргызстанда массалык иш-чараларга тыюу салынды

Бишкек, 10.03.2020. Sokol.mediа

Кыргызстанда Нооруз майрамына карата Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында жылда өтчү майрамдык иш-чара быйыл болбойт. Бул тууралуу  өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Коронавирустун алдын алуу максатында көрүлүп жаткан мындай чара жер-жерлерде уюштурулчу майрамдык иш-чараларга да тийиштүү болот.

Бул арада Өзбекстанда да эл аралык иш-чараларды, спорттук мелдештерди өткөрүү убактылуу токтотулду.

Акыркы маалыматтар боюнча, жалпы дүйнө жүзүндө коронавирустан 4004 адам өлдү. Жуктуруп алгандардын саны 114 миңден ашты.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *