Коронавирусту тамашага айландырган тажикстандыктын камактагы мөөнөтү эки айга узартылды

Бишкек, 10.03.2020. Sokol.mediа

 Москвада сот метродо коронавирус маселесин тамашага айландырган тажикстандык Кароматулло Жабборовдун камактагы мөөнөтүн 8-майга чейин узартты.

ТАСС агенттиги маалымдагандай, тергөөчү Москвада каттоосу жок айыпталуучу качып кетиши мүмкүн деген жүйө менен анын абактагы мөөнөтүн узартууну сураган.

Кароматулло Жабборов дээрлик бир айдан бери абакта отурганына карабай тергөө иштери баштала электигин билдирди.

Орусия ИИМи кабарлагандай, 2-февралда Москва метросунда жаш жигит кокустан эс учун жоготуп койгондой түр көрсөткөн. Шериктери анын коркунучтуу вирустук инфекциясы бар экенин айтышып, жүргүнчүлөрдү дүрбөлөңгө салышкан. Кийинчерээк бул учур тартылган видеоролик Интернетте тараган.

Кароматулло Жабборов бейбаштык үчүн 8-февралда кармалган. Учурда ал “Атайлап уюштурулган бейбаштык” беренеси боюнча айыпталууда. Тергөө бул ишке бир нече киши катышкан деп эсептейт. Жаңы айыптоо боюнча Жаборов жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *