Бирок ал кырдаал турукташкандан кийин соттолгондор түрмөгө кайтып келер-келбеси жөнүндө маалымат берген жок.
Иранда акыркы 24 саат аралыгында коронавирус илдетинен 43 киши өлдү, ооруну жуктурган 596 учур катталды. Жалпысынан 7161 киши илдетке чалдыкты. Расмий маалыматтар боюнча өлкөдө инфекция жайылгандан бери 237 киши көз жумду.
Жыл сайын перс жаңы жылына карата эл алдына чыгып кайрылуу жасаган жогорку руханий лидер аятолла Али Хаменеи бул жолу салттуу жөрөлгөдөн баш тартты.
Өлкө бийлиги мектептерди, жогорку окуу жайларды жапты. Ошондой эле маданий-спорттук иш-чараларды өткөрүү убактылуу токтоду.