Акцияга 8-мартта аялдардын зомбулукка каршы жүрүшүнө чыккандарга жасалган чагым себеп болду. Ал күнү иш-чаранын уюштуруучуларына бет кап жана калпак кийген эркектер тобу кол салган. Бир нече аял да келип, акцияга каршылыгын билдирген.
Милиция натыйжада алты аял, беш эркек кармалып, айыппул төлөгөндөн кийин коё берилгенин маалымдаган.
8-марттагы акцияны айыптаган аялдар тобу бүгүнкү митингге да келип, катышуучулар менен кайым айтышты. Милиция алардын ортосуна түшүп, ажыратып жатты.
Жалпысынан бүгүнкү акция тынч өттү. Уюштуруучулар бийликке бир нече талабын айтты. Тилектештигин билдирип экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы вице-премьер-министр Мира Жангарачева, «Үмүт-2020» кыймылынын жетекчиси Ширин Айтматова, белгилүү жарандык активисттер жана укук коргоочулар катышты.