Өзбекстан ЕАЭБде байкоочу болуу каалоосун билдирди

Бишкек, 09.03.2020. Sokol.mediа

Өзбекстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирүү-кирбөө чечимин кабыл алардан мурда бул уюмга байкоочу болорун билдирди.

2015-жылы Орусия, Беларус жана Казакстан тарабынан түзүлгөн ЕАЭБге кийинчерээк Армения менен Кыргызстан да кошулган. Азыр уюмда Молдова байкоочу макамына ээ.

2016-жылы Өзбекстанда биринчи президент Ислам Каримов каза болуп, бийликке Шавкат Мирзиёев келгенден кийин Ташкентке ЕАЭБге кирүү сунушу байма-бай айтылып келет. Каримовдун тушунда өлкө бул уюмга кирүү каалоосун билдирген эмес.

Байкоочулар Мирзиёевдин бийликке келиши менен өзбек-орус мамилеси жакшырганын билдиришүүдө. Алардын айтымында, Мирзиёев Каримовдун изоляциялык саясатын токтотуп, өлкөгө чет өлкөлүк инвестицияларды алып келүүгө аракет кылууда.

Өзбекстан ЕАЭБге кирсе, 34 миллион калкы менен бул экономикалык биримдиктин Орусиядан кийинки экинчи чоң керектөөчү базары болуп калышы мүмкүн.

Быйыл январда Шавкат Мирзиёев Өзбекстан ЕАЭБде байкоочу макамын алууга даяр экенин билдирген. Учурда бул маселе өзбек коомчулугунда кызуу талкууланууда. Алардын арасында ЕАЭБге кошулуу көз карандысыздыкка коркунуч алып келиши мүмкүн деп эсептегендер да бар.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *