Өткөн жумада өлкөдө коронавирус жуктурган адам аныкталгандыгы тууралуу ушак тарагандан кийин тургундар дүрбөлөңгө түшүп, жапырт азык-түлүк сатып ала башташкан. Буга байланыштуу Душанбедеги базарларда баалар кескин жогорулап кеткен.
5-мартта Тажикстандын Экономика жана соода министрлиги өлкөгө азык-түлүк алып келүү көлөмү азайгандыгы тууралуу маалыматтарды четке кагып, тургундарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырган.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Тажикстанда коронавирус жуктурган учур катталган жок. Учурда Кытайдан, Түштүк Кореядан, Италиядан, Ирандан жана Ооганстандан келген 1,5 миң адам дарыгерлердин көзөмөлүндө. Мындан тышкары дагы 320 киши карантинде кармалууда.