8-марттагы митингдин катышуучуларына айыптар салынды

Картинки по запросу "митинг 8 марта 2020"

Бишкек, 09.03.2020. Sokol.mediа

8-март күнү болжол менен 12:00 чамасында Жеңиш аянтында “Феминалле” жана “8/365” коомдук жүрүштүн өкүлдөрү баш аламан миттингин Свердлов районунун акими жана Бишкек шаарынын мериясы менен макулдашпастан уюштурган. Бул тууралуу Свердлов РИИБнин Басма Сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка таянсак, мындан тышкары, уюшуруучулар пландалган митинге коомдук тартипти сактоо үчүн ички иштер органдарына билдирбегендиктен, ар кандай чагымчылдыкка жана коомдук тартипти бузууга алып келген.

Акциянын жүрүшүндө митингдин катышуучулары менен өзүнчө топтордун ортосунда кайым айтышуу болуп, андан соң жаңжалга айланып кеткен. Ошол себептен мындан дагы чоң жаңжалга айланып кетпеш үчүн милиция кызматынын кызматкерлери коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоо үчүн тиешелүү чараларды көрүшкөн. Натыйжада эки тараптан тең чагымчыл аракеттери жасаган жарандар Свердлов районунун ИИБна жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин 82-беренесинин (Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө) негизинде санкцияланбаган митингдин 6 катышуучусу:

1997-жылы туулган К.А,

1998-жылы туулган А.М,

1984-жылы туулган А.Г,

1986-жылы туулган К.А,

1973-жылы туулган Т.Г,

1982-жылы туулган С.М жана коомдук тартипти бузганга катыштыгы бар 5 жаранга, алар;

1976-туулган К.З,

1999-жылы туулган Ш.Э,

1998-жылы туулган А.М,

1993-жылы туулган К.Б, жана 1963-жылы туулган Д.К. карата протоколдор түзүлүп, айыптар салынган.

Билдирме: Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин 82-беренеси: Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө. Коомдук тартипти сактоо милдеттерин өтөп жүргөн ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө,-2-категориядагы айып пул салууга алып келет. 

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *