Тыныбекова жана башка спортчуларга берилген батирлер убактылуу болуп чыкты

Бишкек, 04 .03.2020. Sokol.mediа

 Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова жана башка спортчуларга мамлекет тарабынан  батирлер убактылуу гана берилген. Тактап айтканда, алар кызматтык үйлөр болуп саналат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында  депутат Дастан Бекешев өзгөчө кызматы үчүн турак-жай алган спортчулар менен башка кишилер аны “кызматтык” деген макам менен гана алышканын айтып чыкты.

Үйлөрдүн  берилиши мыйзам менен жөнгө салынган эмес. Мисалы,  мамлекет аларга батир берет, бирок ал кызматтык үй, спортчулар аны өздөрүнө каттата албайт.

Ошондуктан депутат тарабынан ал турак-жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.

Мыйзам долбоору жарандарга өлкө мыйзамдарына ылайык белек катары алган турак-жайды мыйзамдаштырып алуу максатында иштелип чыккан.

Эске салсак, мамлекет батирлерди өлкө намысын коргогон спортчуларга гана эмес, башка тармактын өкүлдөрүнө дагы берип келет. Буга чейин мамлекет олимпиадалык оюндарда байгелүү кайткан Канат Бегалиевге, Руслан Түмөнбаевге, машыктыруучу Эмил Алыкуловго, веложарышчы Евгений Ваккерге батир берген.

Ошондой эле эң акыркылардан болуп үч бөлмөлүү батирдин ачкычын күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова алган.

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *