Таза, тунук сүйүү гана арнасак!

Картинки по запросу "любовь"

Бишкек, 14.02.2020. Sokol.mediа

Таза, тунук сүйүү гана арнасак!

Адамзаттын жашоосунда сүйүү эң биринчи орунду ээлейт. Сүйүү сезимдери болбосо адамзат бул жашоодо кызыксыз жашамак. Сүйүү ар кандай болот. Ата-эненин балага болгон сүйүүсү, кыз-жигиттин, бир туугандын сүйүүсү, айтор айта берсек көп. Сүйүү тууралуу көрүнүктүү акын-жазуучуларыбыз не деген керемет чыгармаларды жазып келишет. Ошолордун арасында белгилүү жазуучу агайыбыз Шайлообек Дүйшеев “Агындылар” китебинде сүйүү тууралуу төмөндөгүлөрдү жазган:

Сүйүү каттарын таза пейил, таза ниет менен, андан да жөн сыя эмес, кызыл сыя менен жазчубуз. Мен “кызыл сыяны” энемдин жүн боегон кызыл боегунан “сурап” алып пеницилиндин бөтөлкөсүнө чылап келер элем. Анан катты баштаганда эле жакшы көргөн кызыбызга: “Бул катты сыя эмес, жүрөгүмдүн каны деп бил!!!” деп аягына үч илеп белги коюп туруп баштаар элек. Ошондо катты чын эле сыя менен эмес, каныбыз менен жазып аткансып жазчубуз. Каттын аягына жебе же канжар сайылган жүрөктүн сүрөтүн тартып, анын учунан шорголотуп кан тамчылатып койгонубузду кантесиң.

Сабактан тарап кетип баратып жакшы көргөн кызымдын артынан ээрчип алып, ага жакшы көрөөрүмдү айталмак тургай жанына жакын жолой албай, кардын үстү менен жылып бараткан көлөкөсүнө көлөкөмдү тийиштирип басканыма төбөм көккө жетип, өзүмдү дүйнөдөгү эң бактылуу жан катары сезээр элем.

Биздин учурда сүйүү да таза эле. Кыздар да таза эле. Биз кыздарды сүйсөк да жамандык ойлобой сүйчүбүз, азыркылар а дегенде жамандык ойлоп алып анан сүйүшөт экен.

Сүйүү көп балдарды адам кылды. Мени да сүйүү адам кылган. Сүйүү мени кат жаздырган, сүрөт тарттырган, мектептин дубал газетасын чыгарткан, “Манас” айттырган, ыр жаздырган, сүйүү мени уктатпай, ысылатып, чабалактатып чыккан. Сүйүү болбогондо мен эбак жок болуп кетмекмин. Мени сүйүү сактап калган. Мен жакшы көргөн кыз жакшы ырдагандыктан аны коштоп туруу үчүн мандалин черткенди үйрөнгөм. Мен жакшы көргөн кыз сүрөт тарткан баланы жакшы көргөндүктөн анын көзүнө түшүш үчүн мен да сүрөт тарткам. Мен жакшы көргөн кыздын атасы чабан болгондуктан мен кийинки жылы суранып жатып, ошол короого сакманчы болуп баргам.

Карагылачы, кандай бир керемет сөздөр! Сүйүү үчүн эмнени гана кылбайбыз. Сүйгөн адамыбызга бир эле күн эмес, күндө сүйүү тартуулап турсак кандай сонун! Анан албетте ал сүйүүбүз жогоруда айтылгандай таза, тунук сүйүү гана болсо.

Картинки по запросу "любовь"

Буларды дагы окуңуз / Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *